1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

31

ЖАМУнун Медицина институту тазалык акциясына жигердүү катышты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) Медицина институтунун Анатомия жана физиология кафедрасынын окутуучулары менен студенттери Кыргызстан боюнча жарыяланган ишембиликке катышышты.

Акциянын алкагында катышуучулар Медицина институтунун имаратынын алдынан баштап, Роза Азимова көчөсүнө чейинки жолдун эки тарабын таштандылардан тазалап, иретке келтиришти. Коллектив айлана-чөйрөнү таза кармоо жана шаардын көркүнө салым кошуу ар бир жарандын милдети экенин белгилешти.