1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

41

ЖАМУнун медициналык институту студенттерди кабыл алып, Билим күнүн салтанаттуу белгиледи

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык институтунда жаңы окуу жылынын башталышына карата Билим күнү салтанаттуу белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага институттун директору З. И. Сакбаева жана окутуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө биринчи курска кабыл алынган студенттерге ийгилик каалап, аларды студенттик жашоонун башталышы менен куттукташты. Медициналык институттун жетекчилиги студенттерге сапаттуу билим алып, кесиптик жактан өсүп, келечекте элдин ден соолугун сактоого өз салымын кошкон мыкты адистерден болууга чакырды. Билим күнү жаңы окуу жылына карата жакшы маанай, жагымдуу каалоо-тилектер жана келечекке болгон чоң максаттар менен коштолду.