1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

66

Медициналык институтта кезектеги кеңейтилген Окумуштуулар кеңешинин жыйыны өттү

2025-2026-окуу жылында жылдык отчетту тапшыруу боюнча Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 12.06.2026-ж. №194 буйругунун негизинде медициналык институтунда 24.06.2026 күнү кеңейтилген окумуштуулар кенеши болуп өттү. 

Окумуштуулар кенешине анын мүчөлөрү, институттун профессордук-окутуучулук курамы, Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча  проректор А. Т. Маматумаров, окуу бөлүмүнүн кызматкери Н. Мавлянов, Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн кызматкери Н. Айтикеев катышышты.

Окумуштуулар кеңешинин күн тартибинде бир нече маселелер коюлуп, 1-маселе боюнча институттун директору, профессор З. И. Сакбаева Медициналык институттун 2025–2026-окуу жылындагы окуу, окуу-методикалык, өндүрүштүк практика, тарбиялык жана илимий-изилдөө иштери боюнча жылдык отчет берди. Отчетто ар бир көрсөтүлгөн иштер боюнча кеңири маалымат берилип, окуу жылындагы негизги жетишкендиктер, окуу процессин жакшыртуу, мобилдүүлүк, студенттердин практикаларын өткөрүү, илимий-изилдөө иштеринин жүрүшү, маданий-массалык иштер боюнча  кеңири талкуу болду.

Отчеттун жыйынтыгында Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү 2025–2026-окуу жылындагы Медициналык институттун ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетту канааттандырарлык деп баалашты.

Окумуштуулар кеңишинин жыйынына катышышкан Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча  проректор А. Т. Маматумаров, окуу бөлүмүнүн кызматкери Н. Мавлянов, Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн кызматкери Н. Айтикеев отчет боюнча өз сунуштарын айтышты.

Ошондой эле жаңы окуу жылында окуу процессин жакшыртуу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, илимий изилдөө иштерин активдештирүү жана өндүрүш менен байланышты чыңдоо боюнча милдеттер белгиленди.

Андан кийин 560006 «Фармация» жана 560001  “Дарылоо иши” адистигинин 2 негизги билим берүү программалары боюнча карап, талкуулап, бекитилди. Билим берүү программалары боюнча Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү кеңири талкуу жүргүзүшүп өздөрүнүн ойлорун айтышты.

Медицина институтунун профессордук-окутуучулук курамынын кийинки жаңы окуу жылына даярдык көрүү боюнча бир топ милдеттер белгиленди.

Окумуштуулар кеңешинин аягында НААР эл аралык агенттигинен 5 жылдык мөөнөткө жана Мамлекеттик аккредитациядан ийгиликтүү өтүүдө өздөрүнүн салымын кошкон окутуучулар Медициналык институтунун Ардак грамотасы менен сыйланды.