1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

18

ЖАМУда чет элдик студенттер үчүн илимий-изилдөө багытындагы жаңы дисциплина тандалды

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык институтунун Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасында чет элдик студенттердин катышуусунда маанилүү жыйын болуп өттү. Жыйынга кафедра башчысы А.К. Камбарова, кафедранын окутуучулары Г.А. Акылбекова, М. Абдумомунов, М. Зиавитдинов жана ЛДи-1-25 тайпасынын студенттери катышты.

Иш-чаранын алкагында 560001 «Дарылоо иши» (5 жылдык окуу мөөнөтү) адистигинин окуу планына ылайык, 2026–2027-окуу жылында окутулуучу «Медицинада илимий-изилдөө иштеринин негиздери» дисциплинасы тууралуу кеңири маалымат берилди. Окутуучулар курамы студенттерге бул предметтин максаты, мазмуну, илимий изилдөө жүргүзүүнүн негизги принциптери жана анын келечектеги кесиптик ишмердүүлүктөгү өзгөчө мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.

Талкуунун жыйынтыгында, ЛДи-1-25 тайпасынын чет элдик студенттери аталган дисциплинаны 4-семестрде окуу үчүн бир добуштан тандап алышты. Кабыл алынган чечим белгиленген тартипте бекитүүгө сунушталды.

Мындай иш-чаралар студенттердин билим берүү процессине активдүү катышуусун камсыздап, алардын эл аралык деңгээлде илимий-изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.