1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

13

ЖАМУнун Медициналык институтунда Мамлекеттик аттестацияны ачык-айкын жана таза өткөрүү боюнча кеңешме өттү

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Медициналык институтунда жергиликтүү тайпалардын бүтүрүүчүлөрү үчүн кеңейтилген кеңешме болуп өттү. Жыйынды институттун директору З. И. Сакбаева жетектеп, ага ЛДк-1-20 («Дарылоо иши») жана Фарм-1-21 («Фармация») тайпаларынын студенттери, кураторлору жана тиешелүү кызматкерлер катышты.

Кеңешменин башкы максаты — 2025-2026-окуу жылындагы жыйынтыктоочу Мамлекеттик аттестацияны (МА) жогорку деңгээлде уюштуруу жана анын ачык-айкындуулугун камсыздоо.

📌 Күн тартибиндеги негизги маселелер жана талаптар:

  • Коррупцияга каршы катаал талаптар: Директор З. И. Сакбаева университеттин №143 жана №125 буйруктарынын негизинде Мамлекеттик аттестация учурунда кандайдыр бир шылтоолор менен (комиссия мүчөлөрүнө чай уюштуруу, жардам берүү ж.б.) студенттерден акча каражаттарын чогултууга катаал түрдө тыюу салынарын баса белгиледи. Талаптар бузулган учурда жетекчиликтүү кошо камтыган жеке жоопкерчилик каралат.
  • Экзамендеги тартип: Экзамен учурунда студенттерге уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынат. Ошондой эле студенттерди идентификациялоо жана катышуусун көзөмөлдөө иштери катуу жүргүзүлөт.
  • Даярдык иштери: Студенттер үчүн бекитилген график боюнча "Мультиурок", "Google-форма" жана башка платформалар аркылуу консультациялар уюштурулат. Студенттерге академиялык карыздарды өз убагында тапшыруу жана окуу акысын толук төлөп, МАга кирүүгө уруксат (допуск) алуу милдеттендирилди.

🗓 Мамлекеттик аттестациянын графиги:

  • ЛДк-1-20 тайпасы («Дарылоо иши» — 3 этапта):1-этап (Тест): 16-июнь — консультация, 17-июнь — экзамен.2-этап (Практикалык бөлүк): 22-июнь — консультация, 23-июнь — экзамен.3-этап (Оозеки): 29-июнь — консультация, 30-июнь — экзамен.
  • 1-этап (Тест): 16-июнь — консультация, 17-июнь — экзамен.
  • 2-этап (Практикалык бөлүк): 22-июнь — консультация, 23-июнь — экзамен.
  • 3-этап (Оозеки): 29-июнь — консультация, 30-июнь — экзамен.
  • Фарм-1-21 тайпасы («Фармация» — 1 этап, 3 предметтен):15-июнь — консультация, 16-июнь — экзамен.
  • 15-июнь — консультация, 16-июнь — экзамен.

Жыйындын соңунда студенттер КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык бекитилген Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын (МАК) курамы менен таанышып, тиешелүү маалымат баракчаларына кол коюшту. Институттун жетекчилиги бүтүрүүчүлөрдү экзамендерге жоопкерчиликтүү даярданууга чакырып, ийгиликтерди каалады.