1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

ЖАМУнун Медициналык институтунда мектеп мугалимдери үчүн 1 айлык окуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды

2026-жылдын 29-майында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Медициналык институтунун Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасында "Дарыгерге чейинки алгачкы жардам" аттуу 1 айлык окуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул курска Манас шаарына жакын жайгашкан райондордун мектептеринен келген окутуучулар катышышты.

Окуу учурунда катышуучуларга төмөнкү багыттар боюнча маанилүү билимдер берилди:

  • Алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги эрежелери;
  • Өзгөчө кырдаалдарда туура жана ыкчам аракеттенүү;
  • Практикалык көндүмдөрдү туура колдонуу.

Курсту ийгиликтүү аяктап, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окутуучулар атайын ардак грамоталар менен сыйланышты.

Салытанаттуу иш-чарага Медициналык институтутун директору, профессор, б.и.к. З.И. Сакбаева, Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын башчысы А.К. Камбарова жана кафедранын окутуучусу М.А. Абдумомунов катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттукташты.

Белгилей кетсек: Бул окутуучулар буга чейин кафедранын профориентациялык иш-чаралары учурунда консультация алышып, аталган курс тууралуу маалымат угушкан. Курстун жыйынтыгында катышуучулар уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиришип, келечекте өздөрүнүн окуучуларын да ушул Медициналык институтка тапшырууга багыттай тургандыктарын жана өздөрүнүн да ниеттери бар экенин айтышты.

Иш-чара абдан жылуу маанайда өтүп, катышуучулар алган билимдери келечектеги ишмердүүлүгүндө жана күнүмдүк жашоодо чоң пайда алып келерин баса белгилешти.