1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

2 часа назад

8

Чет элдик студенттердин коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча маанилүү билдирүү

Медицина институтунун директору Сакбаева З. И. чет элдик студенттердин катышуусунда маанилүү чогулуш өткөрдү. Чогулушта Манас шаарынын аймагында студенттердин тартиби, маданияты жана коопсуздугу тууралуу төмөнкү негизги талаптар айтылды:

  • Коомдук жайларда өзүн алып жүрүү маданияты: Студенттер көчөдө, сейил бактарда жана коомдук транспортто өздөрүн маданияттуу кармап, айланадагы адамдарга тоскоолдук жаратпоосу тийиш.
  • Түнкү убакытта топ-топ болуп жүрбөө: Кечки жана түнкү убакыттарда көчөлөрдө чоң топ (массалык түрдө) болуп чогулуп жүрүүгө тыюу салынат. Бул биринчи кезекте студенттердин өзүнүн коопсуздугу жана коомдук тынчтыкты сактоо үчүн зарыл.
  • Сырткы көрүнүш жана кийинуу маданияты: Студенттердин кийген кийимдери окуу жайдын деңгээлине жана жергиликтүү коомдун менталитетине, маданиятына шайкеш келиши керек. Өтө ачык же коомдук жайларга ылайыксыз кийимдерди кийүүдөн алыс болуу сунушталат.
  • Мыйзамдарды жана тартипти сактоо: Кыргызстандын мыйзамдарын, жергиликтүү калктын үрп-адаттарын сыйлоо — ар бир чет элдик студенттин милдети.

⚠️ Эскертүү: Бул эрежелерди бузуу окуу жайдын ички тартибине ылайык чара көрүүгө (атүгүл окуудан чыгарууга чейин) себеп болушу мүмкүн.