1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

43

Токтогулда суу коопсуздугуна арналган эл аралык конференция өттү

2026-жылдын 15–17-май күндөрү Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунда «Глобалдык өзгөрүүлөр шартында Кыргызстандын суу коопсуздугу» аттуу DAAD Alumni эл аралык конференциясы өттү.

Иш-чарага илимий коомчулуктун өкүлдөрү, энергетика адистери жана эл аралык эксперттер катышты. Алардын катарында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык институтунун директору, профессор Зулфия Сакбаева да болду.

Конференцияда каралган негизги маселелер:

  • Суу ресурстарын туруктуу башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу;
  • Гидротехникалык курулмалардын коопсуздугу жана гидроэнергетиканы өнүктүрүү.

Катышуучулар өлкө үчүн стратегиялык мааниси зор Токтогул жана Камбар-Ата гидроэнергетикалык комплекстерине барышып, алардын абалы менен жеринен таанышышты.