1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

30

Жаш медиктердин креативдүү сабагы: Студенттер жүрөктүн топографиясын жана аускультациясын практикада үйрөнүштү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) Медицина институтунда келечектеги дарыгерлер үчүн өзгөчө форматтагы практикалык сабак өткөрүлдү. Анатомия жана хирургия сабагынын алкагында студенттер жүрөктүн клапандарынын проекциясын, чек араларын аныктоону жана угуу (аускультация) ыкмаларын жандуу форматта өздөштүрүштү.

Сабактын башкы өзгөчөлүгү — кадимки теориялык алкактан чыгып, интерактивдүү усулду колдонууда болду. Студенттердин бири "тирүү манекен" катары тандалып, анын ак футболкасына маркердин жардамы менен жүрөктүн реалдуу анатомиялык чек аралары жана клапандарынын жайгашкан чекиттери так сызылды. Бул ыкма келечектеги дарыгерлерге адамдын төш капасында ички органдардын топографиясын визуалдык түрдө терең түшүнүүгө мүмкүндүк берди.

Практикалык иштин жүрүшүндө студенттер төмөнкү маанилүү көндүмдөрдү аткарышты:

  • Жүрөктүн перкуссиясы: Кагуу ыкмасы аркылуу жүрөктүн салыштырмалуу жана абсолюттук туюктук чек араларын издеп табышты.
  • Фонендоскоп менен аускультация: Студенттер куралды колдонуу менен митралдык, аорталык, өпкө артериясынын жана үч капкалуу (трикуспидалдык) клапандардын дабыштарын (тондорун) угуу чекиттерин өздөрү таап, практика жүзүндө угуп көрүштү.

Мындай форматтагы сабак студенттердин өзгөчө кызыгуусун жаратты. Алар теориялык билимди дароо колдору менен жасап, фонендоскоп аркылуу угуп, клиникалык ой жүгүртүүсүн алгачкы кадамдардан баштап калыптандырууга мүмкүнчүлүк алышты. Медицина институту заманбап жана натыйжалуу окутуу ыкмаларын колдонуу менен сапаттуу адистерди даярдоону улантууда.