1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Медицина факультети
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

243

УЛУТТУК ТАМАК-АШТАР ФЕСТИВАЛЫ

Чыгыш элдеринин жаңы жылы катары саналып, майрамдалып келген Нооруз майрамына карата  19- март күнү Б.осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультети сүмөлөк  бышырып жана 6 команданын ортосунда улуттук тамактардын көргөзмөсү уюштурулду.

Медицина факультетинин деканы Сакбаева Зульфия студенттерге куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш-чараны ачык деп жарыялады. "Биздин факультетте ар улуттун өкүлдөрү билим алышат жана кызматкерлер бар. Алардын ынтымагы бекем болуп, бирминдиктүү иштөөсү үчүн бүгүнкү улуттук тамак-аштардын фестивалын уюштурдук. Баардык катышуучулар мыкты даярдыкта келишиптир. Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен мыктылары аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылат" - деди ал.

Иш-чара окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович да катышып, жалпы кызматкерлерди, студенттерди майрамы менен куттуктады."Улустун улуу күнү болгон Ноорузда күн менен түн теңелип, жерге дем кирет. Ата-бабаларыбыз кыштан аман-эсен чыктык, тоютубуз мол, эгинибиз көп болсун деп тилектерди айтып, сүмөлөк кайнатышкан. Баарыңыздарды Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Окуу жайыбызда жемиштүү иштер арбын болуп, эмгек жамаатыбыз менен ийгиликтердин жаратуучусу бололу" - деген тилегин билдирди.

Улуттук тамак-аштар фестивалына Кыргызстан, Өзбекстан, Пакистан, Непал, Индия жана Будапешт мамлекеттеринин өкүлдөрү катышышкан. Комиссиянын чыгарган чечимине ылайык 1-орун Пакистан

2-орун Непал

3-орун Индия

4-орун Узбекстан

5-орун Кыргызстан

6-орун Будапешт алып, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.