1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

ЛДК 1-21 тайпасынын студенттери «Үй-бүлөлүк дарыгердин жардамчысы» катары өндүрүштүк практикада

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Медицина институтунун 4-курсунун студенттери үчүн кесиптик көндүмдөрдү тереңдетүү мезгили башталды. Учурда ЛДК 1-21 тайпасынын студенттери аймактагы алдыңкы медициналык мекемелерде өндүрүштүк практикадан өтүшүүдө.

Практика төмөнкү базаларда жүрүп жатат:

  • Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борбору (ЦСМ);
  • Сузак райондук үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Базар-Коргон райондук үй-бүлөлүк медицина борбору жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (ҮДТ).

Студенттердин практикасына тажрыйбалуу окутуучу Абдраманова Нургуль жетекчилик кылууда. Бул этапта болочоктогу дарыгерлер «Үй-бүлөлүк дарыгердин жардамчысы» катары бейтаптарды кабыл алуу, алгачкы диагноз коюу, амбулатордук карталар менен иштөө жана калк арасында алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча реалдуу тажрыйба топтоп жатышат.

Медицина институтунун мындай региондук деңгээлдеги кызматташтыгы студенттерге практикалык медицинанын бардык өзгөчөлүктөрүн жеринде үйрөнүүгө шарт түзөт.