1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

Медицина институту Кочкор-Ата шаарында кесипке багыттоо иштерин жүргүздү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) Медицина институту келечектеги дарыгерлерди даярдоодо бай тарыхка жана чоң тажрыйбага ээ. Бүгүнкү күндө биздин бүтүрүүчүлөр өлкөбүздүн бардык медициналык мекемелеринде ийгиликтүү эмгектенип келишет.

Жакында «Ички оорулар, пропедевтика жана үй-бүлөлүк медицина» кафедрасынын окутуучулар курамы Кочкор-Ата шаарынын мектеп бүтүрүүчүлөрү менен масштабдуу жолугушуу өткөрдү. Сапардын алкагында мугалимдер мектептерди кыдырып, окуучуларга медицина багытында билим алуунун артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат беришти.

Быйылкы абитуриенттер үчүн негизги жаңылыктар:

  • 100 бюджеттик орун: Үстүбүздөгү окуу жылында бюджеттик негизде кабыл алуу жана стипендия алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
  • Заманбап база: Студенттер үчүн акыркы үлгүдөгү анатомиялык лабораториялар, клиникалык базалар жана электрондук китепканалар жеткиликтүү.
  • Таржрыйбалуу насаатчылар: Окуу процессин илимпоздор жана тажрыйбалуу практик-дарыгерлер жетектейт.
  • Эл аралык деңгээл: Студенттер эл аралык конференцияларга катышып, окуусун чет өлкөлөрдө улантууга жолдомо алышат.
  • Практикага басым: Теориялык билим алдыңкы медициналык борборлордо реалдуу бейтаптар менен иштөө тажрыйбасы аркылуу бекемделет.

ЖАМУнун Медицина институту өз өмүрүн адамдарды куткарууга арноону каалаган максаттуу жаштарды күтөт. Сиздин чоң медицинадагы жолуңуз туура тандоодон башталат!

ЖАМУнун Медицина институту — билим гана эмес, келечекке ишенимдүү кадам!