1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Сузак районунун мектептеринде кесипке багыттоо иштери уланууда

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Медицина институтунун окутуучулар курамы аймактардагы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен активдүү жолугушууларды өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кесипке багыттоо иш-чарасы Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылындагы №52 орто мектебинде өттү.

Бул жолугушуунун алкагында окутуучу Назгүл Жусупбекова окуучуларга медицина адистигинин артыкчылыктары жана ЖАМУдагы билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу терең маалымат берди. Назгүл эжеке келечектеги абитуриенттерге дарыгерлик кесиптин жоопкерчилиги жана коомдогу кадыр-баркы тууралуу айтып берип, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Жолугушуунун негизги максаттары:

  • Бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо туура багыт берүү;
  • Быйылкы окуу жылына бөлүнгөн 100 бюджеттик орун тууралуу кабарлоо;
  • ЖАМУнун Медицина институтунун заманбап лабораториялык базасы менен тааныштыруу.

№52 орто мектебинин жамаатына жана окуучуларына көрсөткөн кызыгуусу жана жылуу кабыл алуусу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.