1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Кесип тандоо – келечекке кадам: Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы мектептерде кесипке багыттоо иштерин жүргүздү

2026-жылдын 17-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина институтунун "Коомдук саламаттыкты сактоо" кафедрасынын окутуучулар курамы мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында кесипке багыттоо иштерин улантышты.

Бул ирет кафедра өкүлдөрү төмөнкү билим берүү мекемелерине барышты:

  • №27 Ю.А. Гагарин атындагы орто мектеби;
  • У. Абдукаимов атындагы орто мектеби;
  • №9 И.В. Мичурин атындагы орто мектеби;
  • Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби.

Жолугушуунун алкагында окуучуларга медицина адистигинин коомдогу орду, калкты сергек жашоого үндөөдөгү коомдук саламаттыкты сактоонун маанилүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, быйылкы окуу жылына бөлүнгөн 100 бюджеттик орун жана ЖАМУдагы заманбап билим берүү шарттары тууралуу презентация жасалды.

Бүтүрүүчүлөр окууга тапшыруу тартиби жана дарыгерлик кесиптин өзгөчөлүктөрү тууралуу суроолоруна жооп алышты. Биздин максат – мекенибиздин саламаттыгына кам көрө турган билимдүү жаштарды даярдоо!