1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

244

ЖАМУнун медициналык институту «Иммунология жана иммунопрофилактика» аталышындагы республикалык олимпиададан алдыңкы 1-2-орундарды ээледи.  

1-март — Бүткүл дүйнөлүк иммунология күнүнө карата Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз Славян университети менен Жалал-Абад эл аралык университети ортосунда «Иммунология жана иммунопрофилактика» аталышындагы республикалык олимпиада өткөрүлдү.

Аталган олимпиадага Бишкек, Ош жана Манас шаарларындагы медициналык жогорку окуу жайларынан жалпы 11 команда катышты. Улуттук командалардын жыйынтыгында 1-орунду Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина институтунун «Лига профилактика» командасы ээледи. Команданын жетекчиси — Чолпонкулова Б.М.

Ал эми чет өлкөлүк командалар арасында 2-орунду Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина институтунун «The Cytokine Stormers» командасы жеңип алды. Команданын жетекчиси — Джагрути Патил Ашок. Олимпиада студенттердин иммунология жана иммунопрофилактика жаатындагы билим деңгээлин жогорулатууга, илимий кызыгуусун арттырууга жана тажрыйба алмашууга багытталган маанилүү иш-чара болду.

Жеңүүчүлөрдү бүгүн, окуу жайдын ректору К.Усенов куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. студенттердин сынактарга активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлеп жатканы университеттин сыймыгы экенин белгилеп  өттү.