1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

26

Медицина институтунда билим берүүнүн сапаты текшерилди

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина институтунда Сапат борбору тарабынан 2025-2026-окуу жылынын окуу процессинин алкагында студенттердин билим деңгээлин аныктоо максатында тесттик текшерүү жүргүзүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттердин алган теориялык билимдерин баалоо, окуу программаларынын натыйжалуулугун талдоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат. Текшерүүнүн жүрүшүндө студенттердин дисциплиналар боюнча даярдыгына жана практикалык көндүмдөрүнүн теориялык негиздерине өзгөчө көңүл бурулду.

Сапат борборунун өкүлдөрү белгилегендей, мындай мониторинг иштери окуу процессиндеги жетишкендиктерди жана кемчиликтерди өз убагында аныктап, келечектеги дарыгерлерди даярдоодо заманбап стандарттарды киргизүүгө шарт түзөт. Тесттин жыйынтыктары институттун окумуштуулар кеңешинде талкууланып, билим берүү сапатын жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштар иштелип чыкмакчы.