1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

28

"Улуттук адабият - улуттук нарктын уюткусу"

2025- жылдын 9-декабрында Медицина институтунда Кыргыз улуттук адабият күнүнө арналган "Улуттук адабият - улуттук нарктын уюткусу" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы,ф.и.д.,профессор А.Эшиев баяндама жасап, улуттук адабият күнү, анын кыргыз адабиятындагы, кыргыз тарыхындагы орду, адабияттын адам турмушундагы маанисин тууралуу маалымат берди.

Лдб-1-2-25 тайпасынын студенттери тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр,А.Осмоновдун ырларынан көркөм окушту.

Студенттердин кыргыз адабияты боюнча, жалпы дуйнө таанымын өнүктүрүүгө багытталган интелектуалдык таймашта студенттер күч сынашып, "Ч.Айтматовдун почтасына" студенттер жазуучуга кат жазышып, АГа таазим этишти .