1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

72

14-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк диабет күнү

Бүткүл дүйнөлүк диабет күнүнө карата  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина институтунун студенттери маалыматтуулукту жогорулатуу, профилактиканы жайылтуу жана сергек жашоого үндөө максатында чогулушту.

Иш-чара “кант диабети менен бирге күрөшөбүз. Бирге, биз өмүрдү сактап калабыз” аталышында өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, Бул күн 1991-жылы Эл аралык диабет федерациясы жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан дүйнө жүзү боюнча кант диабетинин көбөйүп кетүү коркунучуна алдын алуу үчүн киргизилген. Диабет - уйку безинде инсулин жетишсиз деңгээлде чыкканда же организм өзү түзгөн инсулинди натыйжалуу колдоно албай калганда пайда болгон өнөкөт оору. Натыйжада кандагы глюкозанын деңгээли көтөрүлөт (гипергликемия). Оорунун өзгөчө катастрофалык өсүшү II типтеги кант диабети менен байланыштуу, бул бардык учурлардын 85% дан ашыгын түзөт жана ашыкча салмактын жана физикалык аракетсиздиктин натыйжасы.

Сергек жашоо образын сактоо жана туура тамактануу кант диабетинин алдын алат.