1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

8

Практикалык саламаттык сактоого көмөк:  Сузак ЖДПБда окуу лекциялары жана клиникалык талкуулар өттү

21-ноябрда Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Медициналык институтунун клиникалык дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу В.К. Орунбаева Сузак жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) базасында баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү (БМСЖ) деңгээлиндеги дарыгерлер үчүн окуу лекцияларын өткөрдү.

Практикалык саламаттык сактоого усулдук жана клиникалык колдоо көрсөтүүнүн алкагында төмөнкү актуалдуу темалар каралды:

·         «Кант диабети жана артериалдык гипертензия — кан тамырларга кош сокку» — бейтаптарды алып баруу, кабылдоолордун алдын алуу жана дарылоонун заманбап ыкмалары.

·         «Тубаса жүрөк кемтиктери (ТЖК)» — баштапкы звенодо бейтаптарды эрте аныктоо жана маршрутизациялоо маселелери.

Лекциялардын соңунда практикалык дарыгерлер тарабынан кызыктырган суроолор берилип, жандуу дискуссия форматында толук жана негиздүү жооптор алынды. Катышуучулар клиникалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, бейтаптарды дарылоодогу татаал учурларды биргелешип талкуулашты.

Мындай жолугушуулар университеттин аймактагы медициналык мекемелер менен болгон кызматташтыгын чыңдап, калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.