1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

8

Чет элдик студенттерге интерактивдүү «Пирогов» столун колдонуу менен анатомия сабагы өтүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) Медицина институтунун Анатомия жана физиология кафедрасында чет элдик студенттер үчүн заманбап технологияларды колдонуу менен практикалык сабак өтүлдү.

Сабактын жүрүшүндө кафедранын окутуучусу интерактивдүү «Пирогов» анатомиялык столунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, адамдын организминин түзүлүшүн 3D форматта кеңири түшүндүрдү. Бул заманбап жабдуу студенттерге органдардын жайгашуусун, ткандарын жана системаларын ар тараптан визуалдык түрдө терең өздөштүрүүгө шарт түздү.

Мындай интерактивдүү ыкма чет элдик студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырып, теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөөгө чоң өбөлгө болууда.