1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

10

ФАРМ-1-2-3-26 кечки окуу тайпалары өндүрүштүк практикага жөнөтүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) Медицина институтунда ФАРМ-1-2-3-26 (кечки бөлүм) тайпаларынын студенттери үчүн «Биринчи медициналык жардам» (Первая медицинская помощь) аталышындагы 2 жумалык өндүрүштүк практиканын алдындагы багыттоочу конференция болуп өттү. Студенттер практиканы 23-ноябрдан 5-декабрга чейин өтөшөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучу Манас Акимов студенттерге практиканы өтөө тартиби боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Атап айтканда, студенттерге:

  • практиканын максаты жана жол картасы;
  • коопсуздук техникасынын эрежелери;
  • медициналык мекемелердеги ички тартип жана этика нормалары боюнча толук инструктаж берилди.

Конференциянын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, практика өтөөчү жайларга ийгиликтүү жөнөтүлдү.