1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

27

 Чет өлкөлүк студенттер үчүн коопсуздук эрежелери боюнча жыйын өткөрүлдү

ЛДИ 6-23 жана ЛДИ 11-22 тайпаларынын студенттери менен шаарда жашоо учурунда жеке коопсуздукту сактоо боюнча түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук жайларда, өзгөчө базарларда, соода борборлорунда, эл көп топтолгон аймактарда жана түнкү убакта көчөдө жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо маселелери талкууланды.

Студенттерге жеке буюмдарына этият болуу, кооптуу жагдайлардан алыс болуу, түнкүсүн жалгыз жүрбөө, коомдук тартипти сактоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоо боюнча сунуштар берилди.

Жыйындын негизги максаты — студенттердин жеке коопсуздук боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандыруу жана Кыргызстанда жашоо учурунда алардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү.