1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

21

 12-24 тайпасында өткөрүлгөн куратордук сааттар тууралуу маалымат

Окуу процессинин алкагында 12-24 тайпасынын студенттери үчүн окутуучу Э.А. Тилекбаеванын жетекчилиги алдында билим берүүгө, мекенчилдикке жана кесиптик өнүгүүгө багытталган бир катар куратордук сааттар өткөрүлдү:

  • 17.09.2026-ж. | Темасы: «Мамлекеттик тил — улуттук биримдиктин негизи»Бул иш-чарада студенттерге кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары макамы, коомдогу маанилүү орду жана аны күнүмдүк турмушта, ошондой эле келечектеги кесиптик ишмердүүлүктө кеңири колдонуунун зарылдыгы тууралуу кеңири маалымат берилди. Тилди билүү — улуттук биримдикти жана маданий баалуулуктарды сактоонун башкы өбөлгөсү экендиги белгиленди.
  • 24.09.2026-ж. | Темасы: «3-курстун окуусуна жана клиникалык чөйрөгө көнүү»Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттердин 3-курстагы окуу жүктөмүнө ийгиликтүү ыңгайлашуусу жана клиникалык практикалык чөйрөгө көнүү маселелери талкууланды. Бейтаптар менен иштөө этикасы, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү жана окуу процессин натыйжалуу уюштуруу боюнча пайдалуу сунуштар берилди.
  • 05.11.2026-ж. | Темасы: «Өткөнүн билбегендин келечеги бүдөмүк»Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин Кыргызстандын бай тарыхы, мамлекеттик символдору, улуттук мурастары жана улуу тарыхый инсандардын коомдогу орду тууралуу түшүнүктөрүн тереңдетүү болду. Студенттер тарыхый баалуулуктарды урматтоо жана мекенчилдик сезимдерин арттыруу боюнча пикир алышты.

Куратор: Тилекбаева Э.А. (12-24 тайпасы)