1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

6

 ЖАМУнун фармацевтика факультетинин 4-курсунун студенттериүчүн клиникалык медицина боюнча практикалык сабактар 

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) фармацевтика факультетинин 4-курсунун студенттери үчүн «Клиникалык медицина» дисциплинасы боюнча окуу-клиникалык сабактар «КАРДИОЦЕНТР» ЖЧКсынын базасында өткөрүлүүдө.

Сабактарды ЖАМУнун Медициналык институтунун клиникалык дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу В.К. Орунбаева алып барат. Окутуу терапиянын кеңири тармактарын, анын ичинде кардиология, пульмонология, гастроэнтерология, нефрология жана эндокринология багыттарын камтыйт.