1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

7

  ЖАМУнун Медициналык институтунда болочок дарыгерлер үчүн кезектеги куратордук саат өткөрүлдү 

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык институтунда 6-курстун ЛДК 1-21 тайпасынын студенттери үчүн ар шаршемби күнү куратордук сааттар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Бекитилген тематикалык планга ылайык, 2026-жылдын 18-ноябрында өткөн кезектеги сабакты тайпанын куратору, клиникалык дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу В.К. Орунбаева уюштурду.

Иш-чара «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчү аталары» деген маанилүү тарыхый темага арналды. Сабактын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр азыркы эгемендүү Кыргызстандын пайдубалын түптөгөн улуу мамлекеттик ишмерлер — Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов жана Абдыкадыр Орозбековдун өмүр жолу, саясий мурасы жана тарыхый ролу тууралуу кеңири маалымат алышты.

Алган билимдерин бышыктоо максатында студенттер арасында интерактивдүү блиц-викторина өткөрүлүп, болочок дарыгерлер өздөрүнүн активдүүлүгүн жана Ата Мекендин тарыхын терең билээрин көрсөтүштү. Жолугушуунун соңунда улук окутуучу В.К. Орунбаева бүтүрүүчүлөргө кесиптик жана турмуштук баалуу сунуштарын берди. Ал жаш дарыгерлер үчүн улуу аталарыбыздын эмгегин улоо — бул дарыгердик антка бекем туруу, билимин тынымсыз өркүндөтүү жана Кыргызстандын калкынын саламаттыгы үчүн ак ниет кызмат кылуу экенин баса белгиледи.