1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

17

Медициналык институттун студенттеринин жатаканасындагы көзөмөл жана тарбиялык иштер

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Медициналык институтунун студенттери №1 жатаканада жайгашып, окуу жана жашоо үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыз болгон. Студенттердин жатаканадагы турмуш-тиричилигин жакшыртуу, коопсуздугун сактоо жана тарбиялык багыттагы иштерди системалуу жүргүзүү максатында Анатомия жана физиология кафедрасынын кураторлору тарабынан ай сайын пландуу текшерүүлөр өткөрүлүп турат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттарга өзгөчө көңүл бурулат:

  • Санитардык-гигиеналык абал: Бөлмөлөрдүн, коридорлордун жана жалпы пайдалануудагы жайлардын тазалыгы, желдетилиши, тамак-аш сактоо эрежелеринин сакталышы жана студенттердин жеке гигиенасы көзөмөлдөнөт.
  • Жашоо шарттары: Эмеректердин, жылуулук жана электр тармактарынын, суу түтүктөрүнүн абалы каралып, келип чыккан маселелер жеринде такталат жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн сунуштар берилет.
  • Тарбиялык жана алдын алуу иштери: Студенттер менен маектешүүлөр өткөрүлүп, ички тартип эрежелерин сактоо, өз ара сый-урмат, биримдик, сергек жашоо образын кармануу жана окуу тартибин бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Кураторлордун мындай үзгүлтүксүз көзөмөлү студенттердин ыңгайлуу, коопсуз жана тартиптүү чөйрөдө жашап, билим алуусуна өбөлгө түзөт.