1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

20

  СТУДЕНТТИН УКУГУ, МИЛДЕТИ ЖАНА  ЖООПКЕРЧИЛИГИ

   Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык институтунда ЛДК 2-24 тайпасынын студенттери менен «Студенттин укугу, милдети жана жоопкерчилиги» деген темада түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

   Иш-чара куратор Чолпонкулова Б.М. тарабынан Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.

    Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге алардын укуктары, милдеттери, коомдук жайлардагы жүрүм-турум эрежелери, университеттин ички тартип талаптары жана мыйзам алдындагы жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берилди.

   Ошондой эле жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу, укуктук маданиятты жогорулатуу, тартипти сактоо, коомдук коопсуздукка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

    Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү адистерден жооп алышты.

   Мындай иш-чаралар студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, тартиптүүлүккө жана жоопкерчиликтүү жарандык позицияны калыптандырууга өбөлгө түзөт.