1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

17

Анатомия жана физиология кафедрасы 1-курстун студенттери менен куратордук саат өткөрдү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Анатомия жана физиология кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана ички органдардын өкүлдөрү 1-курстун студенттеринин катышуусунда кезектеги тарбиялык куратордук саат өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге жаштар арасындагы тарбия, жогорку окуу жайынын ички тартиби жана этика нормаларын сактоо, ошондой эле коомдогу коррупциянын терс кесепеттери жөнүндө маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө чакырылган коноктор жана мугалимдер студенттерге мекенчилдик, адамгерчилик, кесиптик этика жана укуктук маданият тууралуу баалуу баяндамаларды (докладдарды) окуп беришти. Өзгөчө басым студенттердин өзүн алып жүрүү маданиятына, сабакка катышуу жоопкерчилигине жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу маданиятын калыптандырууга жасалды.

Куратордук саат жыйынтыктоочу суроо-жооп форматында уланып, студенттер өзүлөрүнүн кызыктырган суроолоруна тажрыйбалуу адистерден жана кураторлордон толук жооп ала алышты. Бул өңдүү жолугушуулар келечектеги адистердин аң-сезимин калыптандырууда чоң мааниге ээ.