1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

44

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Медициналык институтунда эл аралык эксперттер менен жолугушуу болуп өттү

2026-жылдын 13-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Медициналык институтунда 560001 «Дарылоо иши» адистиги (чет элдик жарандар үчүн)    боюнча негизги билим берүү программасын (НББП) өркүндөтүүгө жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө арналган эл аралык эксперттер менен жолугушуу өттү.

Эксперттик талкууга катышкандар:

·         Профессор, медицина илимдеринин доктору Фероз - эл аралык эксперт, М.Н.Р.С. клиникасынын директору (Дели, Индия);

·         Доктор Фаяз Ахмед - эл аралык эксперт (Тамилнад, Индия);

·         Сакбаева З. И. - Медицина факультетинин директору, профессор;

·         Умурзакова Ч.К. - «Ички оорулар пропедевтикасы жана үй-бүлөлүк медицина» кафедрасынын башчысы, доцент, 560001 «Дарылоо иши» НББПнын жетекчиси;

·         Муратов А. А.- «Хирургия жана травматология» кафедрасынын башчысы, профессор;

·         Окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттик кеңештин өкүлдөрү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясынын (WFME) стандарттарын жана глобалдык саламаттык сактоо тутумунун заманбап чакырыктарын эске алуу менен билим берүү программасынын концептуалдык мазмуну, модулдук түзүмү жана окутуунун күтүлүүчү натыйжалары комплекстүү талдоого алынды. Катышуучулар компетенттүүлүккө негизделген мамилени тереңдетүү, клиникалык-практикалык даярдыктын үлүшүн жогорулатуу, окутуунун инновациялык технологияларын интеграциялоо жана кесиптик компетенцияларды объективдүү баалоо механизмдерин оптималдаштыруу маселелерине өзгөчө басым жасашты.

Эл аралык эксперттер - профессор Фероз жана доктор Фаяз Ахмед, программанын академиялык сапатын жогорулатуу, окуу пландарын эл аралык эмгек рыногунун талаптарына адаптациялоо боюнча илимий-практикалык сунуштарын беришти.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети медициналык билим берүүнү интернационалдаштыруу, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана заманбап клиникалык компетенцияларга ээ, атаандаштыкка жөндөмдүү медициналык кадрларды даярдоо багытында тынымсыз эмгектенет.