1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

 Медициналык билим берүү жана практикалык саламаттыкты сактоонун интеграциясы: ЖАМУнун Медициналык институтунун жана Жалал-Абад областтык клиникалык  ооруканасынын стратегиялык өнөктөштүгү

Заманбап жогорку медициналык билим берүүнүн негизги векторлорунун бири - теориялык билимди реалдуу клиникалык практика менен айкалыштыруу аркылуу жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат. Ушул максатта Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык институтунун директору, профессор З.И. Сакбаева Зулфия Исраиловна, “Жалпы хирургия” кафедрасынын башчысы  доцент Абдыкалыков Козубай Орозокулович жана “Хирургия жана травматология” кафедрасынын башчысы, профессор Муратов Абдижалил Абдразакович, Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жетекчиси Кадыров Жыргалбек Ибрагимович менен расмий жолугушуу өткөрүштү.

Тараптар аймактагы медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана профилдик мекемелер ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасы медициналык институттун “Дарылоо иши” адистиги боюнча билим алган студенттери үчүн негизги университеттик клиникалык база катары кызмат кылат. Түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин алкагында студенттердин клиникалык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жана кесиптик көндүмдөрүн өздөштүрүү багытында бир катар маанилүү иш-чаралар ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө медицина тармагындагы заманбап чакырыктарга жана эл аралык стандарттарга ылайык, окуу программаларына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Атап айтканда, билим берүү процессин түздөн-түз жумуш ордунда (клиникалык шарттарда) уюштурууга жана практикалык компоненттерге өзгөчө басым жасалууда. Окуу жайынын саламаттыкты сактоо мекемелери менен тыгыз интеграциялануусу келечектеги дарыгерлердин кесиптик адаптациясын тездетип, алардын практикалык даярдыгынын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Илим менен практиканын ортосундагы көпүрөнүн бекемдиги - медициналык кадрлардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн жана көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатынын негизги кепили болуп саналат.