1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

30

  ЖАМУда «Табигый жана шаардык чөйрөнүн экологиялык туруктуулугу: биоартүрдүүлүктү жана топуракты сактоо» аттуу панелдик дискуссия болуп өттү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде өткөрүлүп жаткан Илим айлыгынын алкагында 11-ноябрда Экология, биохимия жана топурак таануу илимий лабораториясынын демилгеси менен «Табигый жана шаардык чөйрөнүн экологиялык туруктуулугу: биоартүрдүүлүктү жана топуракты сактоо» аттуу панелдик дискуссия уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — табигый жана шаардык экосистемалардын экологиялык абалын илимий жактан талдоо, биологиялык ар түрдүүлүктү жана топурак ресурстарын сактоо маселелерин талкуулоо, ошондой эле лабораторияда жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жайылтуу жана келечектеги изилдөө багыттарын аныктоо болду.

Панелдик дискуссияны Экология, биохимия жана топурак таануу илимий лабораториясынын башчысы, профессор З. Сакбаева модератор катары алып барды.

Талкуунун жүрүшүндө лаборатория тарабынан жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштеринин негизги жыйынтыктары, алардын илимий жана практикалык мааниси, табигый жана антропогендик факторлордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири кеңири каралды. Өзгөчө шаардык чөйрөнүн экологиялык абалы, топурактын сапатын жана түшүмдүүлүгүн сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн илимий негизделген жолдору боюнча пикир алмашуулар болду.

Ошондой эле лабораториянын илимий потенциалын мындан ары өнүктүрүү, изилдөөлөрдүн практикалык натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш изилдөөчүлөрдү илимий иштерге тартуу жана келечектеги илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Дискуссиянын жыйынтыгында лабораториянын илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү, изилдөөлөрдүн багыттарын кеңейтүү жана алардын практикалык маанисин жогорулатуу боюнча сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды. Иш-чаранын жыйынтыгы тиешелүү протокол менен таризделип, кароо жана мындан аркы иш алып баруу үчүн университеттин жетекчилигине жөнөтүлдү.

Бул сыяктуу илимий талкуулар университеттин илимий потенциалын чыңдоого, окумуштуулар менен жаш изилдөөчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган илимий демилгелерди колдоого өбөлгө түзөт.

Экологиялык туруктуулук — жаратылышты сактоо гана эмес, келечек муундардын коопсуз жана таза чөйрөдө жашоосуна кам көрүү!