1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

"Эгемендүүлүк — элибиздин эркиндиги жана улуу мурасы»

31-август — Кыргыз Республикасынын эң маанилүү мамлекеттик майрамдарынын бири — Эгемендүүлүк күнү. 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө Декларацияны кабыл алып, Кыргызстан көз карандысыз, эгемендүү мамлекет деп жарыяланган.

Ушул тарыхый күнгө карата Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университентинин Агрардык техникалык инстутунун Электроэнергетика жана механика кофедрасынын Өзгөчө кырдаалдардан коргоо астигинин студенттери катышуусунда «Эгемендүүлүк элибиздин эркиндиги жана улуу мурасы» аттуу ачык тарбиялык саат өткөрүлдү.

Ачык сааттын жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхы, мамлекеттик символдору, мекенчилдик жана өлкөнүн келечегине болгон жоопкерчилик тууралуу маалымат алышты. Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга үндөө.

Эгемендүүлүк — элдин эркиндиги, мамлекеттин сыймыгы жана келечек муундарга болгон жоопкерчилик!