1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

9

Эмгекке сый, биримдикке дем: АТИ жамааты окуу жылын ийгиликтер менен жыйынтыктады

Ар бир окуу жылы – талыкпаган эмгектин, изденүүнүн, жетишкендиктердин жана жаңы ийгиликтерге карай ташталган ишенимдүү кадамдардын жыйындысы. 2025–2026-окуу жылы да Агрардык-техникалык институттун профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери жана студенттери үчүн жемиштүү жылдардан болуп, окуу, илимий-изилдөө, тарбиялык жана коомдук иштерде бир катар ийгиликтер менен коштолду.

Окуу жылынын ийгиликтүү жыйынтыкталышына байланыштуу институттун кесиптик бирлик комитети тарабынан профессордук-окутуучулук курам үчүн жайкы эс алуу уюштурулуп, жамаат Жалал-Абад облусунун кооз жаратылышы менен айырмаланган Кара-Алма айылындагы эс алуу жайына барышты.

Кара-Алманын мөлтүр булактары, жашыл токойлору, таза тоо абасы жана ажайып жаратылышы ар бир катышуучуга жагымдуу маанай тартуулап, окуу жылынын чарчоосун жазууга өзгөчө мүмкүнчүлүк түздү. Кесиптештер эркин баарлашып, кызыктуу оюн-зоокторго катышып, маданий эс алуу уюштурушуп, жамааттык ынтымакты дагы бир жолу бекемдешти. Мындай жолугушуулар кызматкерлердин ортосундагы өз ара сый-урматты, достукту жана биримдикти арттырууда өзгөчө мааниге ээ.

Эс алуу иш-чарасынын алкагында окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, институттун өнүгүшүнө татыктуу салым кошкон окутуучулар салтанаттуу түрдө сыйланышты. Окуу, илимий-изилдөө, тарбиялык жана коомдук иштерде жогорку активдүүлүк көрсөтүп, өзгөчө жетишкендиктерге жетишкен кызматкерлерге  Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Ошондой эле институттун кафедраларынын жыл ичиндеги ишмердүүлүгү ар тараптуу бааланып, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен үч кафедрага I, II жана III даражадагы дипломдор ыйгарылды. Бул сыйлыктар кафедралардын билим берүү сапатын жогорулатуудагы, илимий потенциалды өнүктүрүүдөгү жана студенттерди тарбиялоодогу үзүрлүү эмгегинин татыктуу баасы болуп калды.

Салтанаттын жүрүшүндө институттун жетекчилиги жалпы жамаатка окуу жылындагы үзүрлүү эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирип, алдыдагы окуу жылында дагы жаңы дем, жаңы идеялар жана бийик жетишкендиктер менен эмгектенүүгө чакырык таштады.

Мындай иш-чаралар эмгек адамын урматтоонун, жетишкендикти баалоонун жана жамааттын ынтымагын бекемдөөнүн жаркын үлгүсү болуп саналат. Жаратылыш койнундагы жагымдуу эс алуу ар бир катышуучуга көтөрүңкү маанай, жаңы күч-кубат жана чыгармачылык дем берип, келерки окуу жылына ишенимдүү кадам таштоого өбөлгө түздү.