1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

16

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын окутуучулары Кытайда өткөн эл аралык форумга катышып келишти

АТИнин Ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Кытай Эл Республикасында өткөн «Кытай – Борбордук Азия» билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоо альянсынын заманбап айыл чарба форумуна катышып келишти.

Форумдун негизги максаты – Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын, илимий мекемелеринин жана өндүрүш өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, заманбап айыл чарбасын өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү колдоо жана билим берүү менен өндүрүштүн байланышын өркүндөтүү болду.