1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

59

Агрардык-техникалык институттун 2025–2026-окуу жылындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы Окумуштуулар кеңешинде каралды

№194 буйруктун негизинде Агрардык-техникалык институттун 2025–2026-окуу жылындагы окуу, окуу-методикалык, өндүрүштүк практика, тарбиялык жана илимий-изилдөө иштери боюнча директору А. Карбекованын жылдык отчету 2026-жылдын 22-июнунда институттун Окумуштуулар кеңешинин жыйынында каралды.

Жыйында институттун окуу жылындагы негизги жетишкендиктери, билим берүү сапатын жогорулатуу, окуу процессин уюштуруу, студенттердин практикалык даярдыгы, тарбиялык иштер жана илимий ишмердүүлүк боюнча аткарылган иштер кеңири талкууланды. Отчеттун жыйынтыгында Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү институттун ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалашты.

Жыйынга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Академиялык саясат департаментинин директору Б. Турдубаева, окуу бөлүмүнүн усулчусу З. Суюнбаева жана институттун профессордук-окутуучулук курамы катышып, отчет боюнча өз сунуштарын жана пикирлерин билдиришти. Ошондой эле кийинки окуу жылында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү программаларын өркүндөтүү, илимий изилдөөлөрдү активдештирүү жана өндүрүш менен байланышты чыңдоо боюнча милдеттер белгиленди.