1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

ЖАМУнун Аграрадык -техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасындаэки жаңы билим берүү программасы боюнча лицензиялык текшерүү ийгиликтүү өттү

2026-жылдын 16-июнунда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаңы ачылган эки билим берүү программасы боюнча лицензиялык текшерүү жүргүзүлдү. Эксперттик комиссиянын курамына комиссиянын төрагасы, КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Жалал-Абад илимий борборунун «Жашыл энергетика» лабораториясынын башчысы Абдисатар Жолдошалиевич Досбаев, ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү – «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясынын түштүк бөлүмү филиалынын жол чарбасынын башчысы Нурмухамед Сулайманович Жусупов жана Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Улан Калыпжанович Азимбаев кирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө университеттин материалдык-техникалык базасы, кадрдык потенциалы, окуу-усулдук камсыздалышы жана билим берүү процессин уюштуруу деңгээли жобого ылайык бааланды. Натыйжада 750600 «Гидротехникалык курулуш (Суу чарба курулмаларын, ГЭСтерди жана дамбаларды долбоорлоо, куруу)» жана 750002 «Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорт тоннелдерин куруу» билим берүү программалары лицензиялык талаптарга толук жооп берери аныкталды.

Эксперттик комиссия университетте заманбап окуу аудиториялары, лабораториялар жана квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам бар экендигин белгилеп, аталган программалар боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия берүү жөнүндө оң корутунду чыгарды.

Жаңы адистиктердин ачылышы өлкөнүн инфраструктуралык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жогорку квалификациялуу инженердик кадрларды даярдоого өбөлгө түзүп, ЖАМУнун билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн дагы кеңейтет.