1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

62

ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ФОРУМУ

«ЕВРОПАНЫН, ТҮРКИЯНЫН ЖАНА БОРБОРДУК АЗИЯНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫН (ТӨМ) ИШКЕ АШЫРУУ ТАЖРЫЙБАСЫ»

(2026-жылдын 17–18-июну, Ош технологиялык университети)

2026-жылдын 17–18-июнь күндөрү Ош технологиялык университети тарабынан уюштурулган «Европанын, Түркиянын жана Борбордук Азиянын жогорку окуу жайларында Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу тажрыйбасы» аттуу эл аралык илимий-изилдөө форуму жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Форум дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштууларды, жогорку окуу жайлардын жетекчилерин, изилдөөчүлөрдү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жана жаш илимпоздорду бир аянтчага чогултуп, билим берүү тармагындагы туруктуу өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк түздү.

Аталган форумга Агрардык-техникалык институтунун директору, э.и.д., профессор Карбекова Азиза Баймаматовна катышып келди.