1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

56

Агрардык-техникалык институтунда окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өттү

Агрардык-техникалык институтта 2026-жылдын 23-июнь күнү окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйын институттун жамааты үчүн маанилүү маселелерди кароо максатында уюштурулуп, белгиленген күн тартиби боюнча өткөрүлдү.

Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

Кафедра башчыларынын жылдык отчетторун угуу жана талкуулоо;

Практика жетекчисинин, окуу-усулдук кеңешменин төрагасынын, ошондой эле илим-изилдөө иштери боюнча жооптуу кызматкерлердин жылдык отчетторун угуу;

Жаңы окуу жылына даярдык көрүү маселелери;

Ар түрдүү маселелер.

Жыйындын жүрүшүндө кафедра башчылары өздөрүнүн кафедраларындагы окуу-усулдук иштердин жүрүшү, илимий изилдөөлөрдүн абалы, студенттер менен жүргүзүлгөн иш-чаралар, ошондой эле материалдык-техникалык базанын пайдаланылышы боюнча кеңири маалымат беришти. Отчеттор талкууланып, жамаат тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жооптор алынды. Жыйындын жыйынтыгында кафедра башчыларынын жылдык отчеттору канааттандырарлык деп табылды.

Андан соң практика жетекчиси, окуу-усулдук кеңешменин төрагасы жана илимий-изилдөө иштери боюнча жооптуу адистер тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалыматтар угулду. Практикалык даярдыкты уюштуруу, студенттердин өндүрүштүк практикасын жакшыртуу, ошондой эле илимий иштерди активдештирүү боюнча сунуш-пикирлер айтылып, келечектеги милдеттер белгиленди.

Жыйындын үчүнчү маселеси боюнча жаңы 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүү маселеси талкууланды. Окуу пландарын жаңылоо, дисциплиналардын методикалык камсыздалышын жакшыртуу, профессордук-окутуучулук курамды окуу процессине даярдоо жана студенттерди кабыл алууга байланышкан уюштуруу иштери каралды.

Ар түрдүү маселелер бөлүгүндө институттун ишмердүүлүгүнө тиешелүү учурдагы уюштуруучулук жана техникалык суроолор талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын соңунда күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, институттун ишин мындан ары өркүндөтүү багытында бир катар тапшырмалар берилди.