1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

65

В-1-21 тайпасынын студенттери жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү тапшырышты

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында В-1-21 тайпасынын студенттеринин жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөрүлдү. Аттестация белгиленген талаптарга ылайык уюштурулуп, мамлекеттик комиссиянын бардык мүчөлөрү толук курамда катышты.

Студенттер өздөрүнүн теориялык билимдерин жана кесиптик даярдыгын ийгиликтүү көрсөтүп, аттестациядан жакшы жыйынтыктар менен өтүштү. Мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча бүтүрүүчүлөргө «Ветеринардык врач» квалификациясы ыйгарылды.

Ветеринардык медицина кафедрасы бүтүрүүчүлөрдү ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт.