1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

56

Кесип тандоого багыт берген жолугушуу өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын окутуучулук курамы Сузак районуна караштуу Нышанбай Алыкулов атындагы №71 жалпы орто билим берүүчү мектебинин бүтүрүүчү класстары менен жолугушуу өткөрүп келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, сунушталган адистиктер, окуу шарттары жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайына тапшыруу тартиби, заманбап адистиктердин артыкчылыктары жана эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер жөнүндө түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, окуу процесси, студенттик жашоо жана келечектеги кесип тандоо боюнча керектүү маалыматтарды алышты.

Бул үгүттөө иш-чарасы бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосуна багыт берип, алардын жогорку билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга жана келечектеги адистиктер боюнча туура чечим кабыл алуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталды.