1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

67

Жогорку билимге багыт берген жолугушуу

Башкаруунун автоматташтырылган системасы  кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Ж. Бөкөнбаев атындагы №1 инновациялык мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчү класстары менен жолугушуу өткөрүп келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, сунушталган адистиктер, окуу шарттары жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайларына тапшыруу тартиби, заманбап адистиктердин артыкчылыктары жана эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер жөнүндө түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, окуу процесси, студенттик жашоо жана келечектеги кесип тандоо боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты. Мындан тышкары, БАС кафедрасында даярдалуучу адистердин мүмкүнчүлүктөрү жана IT тармагындагы актуалдуу багыттар тууралуу маалыматтар берилди.

Бул үгүттөө иш-чарасы бүтүрүүчүлөрдүн келечектеги кесип тандоосуна багыт берип, алардын жогорку билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга жана туура чечим кабыл алуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталды.