1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

64

Кытай Эл Республикасынын Синьцзян аймагынан келген делегация Агрардык-техникалык институтта болду

2026-жылдын 8-июнунда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан келген өкүлдөрдөн турган делегация келди.

Ардактуу конокторду университеттин ректору, т.и.д., профессор Усенов Кенешбек Жумабекович жана АТИнин директору, э.и.д., профессор Карбекова Азиза Баймаматовна баштап жүрүп, алар Агрардык-техникалык институттун ишмердүүлүгү, окуу-материалдык базасы, илимий лабораториялары жана билим берүү процессинде колдонулуп жаткан заманбап технологиялар менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, илим, инновация жана технология тармактарындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты. Өзгөчө айыл чарба адистерин даярдоо, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусун уюштуруу маселелерине көңүл бурулду.

Коноктор институттун жетишкендиктерине жогору баа берип, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Өз кезегинде университет жетекчилиги эл аралык байланыштарды чыңдоо билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана илимий-инновациялык потенциалды өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү, илим, инновация жана технологиялар багытындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдирип, келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишишти.