1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

64

В-1-21 тайпасында мамлекеттик аттестация ийгиликтүү өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институттун Ветеринардык медицина кафедрасында В-1-21 тайпасынын студенттери үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүлдү.

Аттестациянын тематикасы жугуштуу ылаңдар боюнча уюштурулуп, студенттер өздөрүнүн теориялык билимдерин жана кесиптик даярдыгын көрсөтүштү. Мамлекеттик аттестациянын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр берилген суроолорго ишенимдүү жооп берип, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Жыйынтыгында студенттер мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү тапшырып, ветеринардык медицина багыты боюнча алган билимдерин тастыкташты.

Ветеринардык медицина кафедрасы бүтүрүүчүлөргө келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайт.