1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

65

Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын ВС-1-20 тайпасында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүлдү.

Аттестация белгиленген тартипте уюштурулуп, комиссиянын бардык мүчөлөрү толук курамда катышышты. Студенттер өздөрүнүн теориялык билимдерин жана кесиптик даярдыгын көрсөтүп, берилген суроолорго татыктуу жооп беришти.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча студенттердин көрсөткүчтөрү жакшы деңгээлде болуп, бардык бүтүрүүчүлөр ийгиликтүү аттестациядан өтүштү.

Ветеринардык медицина кафедрасы бүтүрүүчүлөрдү ийгиликтүү жыйынтыктары менен куттуктап, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт.