1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

 МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНДАГЫ РАДИОАКТИВДҮҮ БУЛГАНГАН КАЛДЫК САКТООЧУ ЖАЙЛАР ЖАЙГАШКАН АЙМАКТАРДЫ РЕКУЛЬТИВАЦИЯЛОО

Агрардык-техникалык институтунун техносфералык коопсуздук багытынын ОКК-1-22 тайпасынын студенттери квалификациялык иш алдындагы практикасынын алкагында өткөрүлгөн «Жумуш ордунда окутуу» сабагына катышышты. Сабак учурунда студенттер радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлардын коопсуздугун камсыз кылуу, рекультивациялоо иштеринин этаптары жана радиациялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча маалымат алышты.

Майлуу-Суу шаарынын аймагында жайгашкан радиоактивдүү калдыктар сакталган жайлар экологиялык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууну талап кылган объекттер болуп саналат. Бул аймактарда жүргүзүлүп жаткан рекультивациялоо иштери жер кыртышын бекемдөөгө, радиациялык таасирди азайтууга жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.

Ошондой эле студенттер экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн негиздери, калдык сактоочу жайлардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча практикалык тажрыйбага ээ болушту. Жумуш ордунда окутуунун жыйынтыгында алар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана радиоактивдүү булганган аймактарды калыбына келтирүү боюнча кесиптик билимдерин кеңейтип, келечектеги эмгек ишмердүүлүгүнө керектүү көндүмдөрдү бекемдешти.