1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

68

ЭЭСС-1-22 жана ОКк-1-22 тайпаларынын бүтүрүүчү студенттери үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик сынак өткөрүлдү. 

2026-жылдын 9-июнь күнү Агрардык-техникалык институттун Электроэнергетика жана механика кафедрасында 640200 — «Электроэнергетика жана электротехника» багыты боюнча ЭЭСС-1-22 тайпасынын жана 760300 — «Техносфералык коопсуздук» багыты боюнча ОКК-1-22 тайпасынын бүтүрүүчү студенттери үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик сынак өткөрүлдү.

Сынактын ачылыш аземине Агрардык-техникалык институттун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор А.Б. Карбекова катышып, бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгилик тиледи.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик сынакка Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын (МАК) төрагасы жана комиссиянын мүчөлөрү толук курамы менен катышышты. Комиссия студенттердин окуу мезгилинде алган теориялык билимдерин, практикалык даярдыгын, кесиптик компетенттүүлүгүн жана өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмдөрүн ар тараптуу баалашты.