1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

Электроэнергетика багытындагы бүтүрүүчү студенттер үчүн мамлекеттик аттестацияга даярдык көрүү боюнча консультациялар өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун «Электроэнергетика жана механика» кафедрасы тарабынан «Электроэнергетика» багытынын бүтүрүүчү курсунун студенттерин дисциплиналар аралык мамлекеттик аттестацияга сапаттуу даярдоо максатында консультациялык иш-чаралар уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик аттестациялык комиссиянын программасында каралган дисциплиналар боюнча студенттердин теориялык жана практикалык билимдерин бекемдөө, ошондой эле мамлекеттик экзамендерге болгон даярдык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Консультациялардын жүрүшүндө кафедранын профессордук-окутуучулар курамы ар бир предмет боюнча МАКтын программасына киргизилген негизги темалар жана суроолор боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти. Айрыкча, электроэнергетика тармагындагы электр станциялары жана көмөк чордондор, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү системалары, релелик коргоо жана автоматика, электр жабдууларын эксплуатациялоо, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Консультациялык сабактар заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу менен уюштурулуп, мультимедиялык панелдер аркылуу электрдик схемалар, графикалык чиймелер, таблицалар жана көрсөтмө материалдар пайдаланылды. Бул өз кезегинде татаал техникалык суроолорду студенттерге жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүүгө жана маалыматтарды натыйжалуу өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, мамлекеттик аттестацияда кездешүүчү теориялык жана практикалык тапшырмалар боюнча кенен жоопторду алышты. Өз ара пикир алышуу жана суроо-жооп форматындагы талкуулар студенттердин билим деңгээлин бекемдөөгө жана экзаменге болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түздү.

Белгилей кетсек, мындай консультациялык иш-чаралар бүтүрүүчү студенттердин мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өтүүсүнө, алган билимдерин системалаштырууга жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө сапаттуу даярдык көрүүсүнө чоң салым кошот.

«Электроэнергетика жана механика» кафедрасы мындан ары да билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштурууну улантат.

Билимдүү бүтүрүүчү – өлкөнүн энергетика тармагынын келечектеги квалификациялуу адиси!