1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

10 часов назад

10

Жугуштуу ылаңдар дисциплинасы боюнча мамлекеттик аттестация ийгиликтүү өткөрүлдү

Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында «Жугуштуу ылаңдар» дисциплинасы боюнча мамлекеттик аттестация өткөрүлдү. Аттестацияга Вс-1-20 тайпасынан 12 студент жана Вс-1-18 тайпасынан тикеленген 1 студент катышты.

Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагасы жана комиссия мүчөлөрү катышып, студенттердин теориялык билимдерине жана кесиптик даярдыгына баа беришти.

Студенттер экзамен учурунда өздөрүнүн билим деңгээлин көрсөтүп, берилген суроолорго жооп беришти. Мамлекеттик аттестация уюшкандыкта өтүп, жыйынтыгында ийгиликтүү аяктады.