1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

10

ИЭТмаг-1-24 тайпасынын магистранттары жыйынтыктоочу комплекстүү мамлекеттик экзамен тапшырышты

2026-жылдын 3-июнь күнү Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын ИЭТмаг-1-24 тайпасынын магистранттары жыйынтыктоочу комплекстүү мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү тапшырышты.

Экзаменге мамлекеттик аттестациялык комиссиянын курамы толук катышып, магистранттардын билим деңгээлине жана кесиптик даярдыгына баа беришти. Магистранттар экзаменге толук катышып, окуу мезгилинде алган теориялык билимдерин жана практикалык даярдыктарын көрсөтүштү.

Жыйынтыктоочу комплекстүү мамлекеттик экзаменди ачып берүү аземине Агрардык-техникалык институтунун директору, э.и.д., профессор Карбекова Азиза Баймаматовна жана БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович катышып, магистранттарга ийгиликтерди каалап, алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ак жол тилешти.

Экзамен уюшкандыкта жана талаптарга ылайык өткөрүлүп, мамлекеттик аттестациялык комиссия тарабынан магистранттардын билимдери объективдүү бааланды.

Жыйынтыктоочу комплекстүү мамлекеттик экзамен магистранттардын окуу процессинде алган билимдерин жыйынтыктоочу маанилүү баскыч болуп, алардын келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө негиз түзөт.