1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

9

Ветеринардык медицина кафедрасынын Вс-1-20 тайпасынын студенттерине мамлекеттик аттестацияга даярдык көрүү максатында консультация өткөрүлдү

2026-жылдын 8-июнунда Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын Вс-1-20 тайпасынын студенттерине мамлекеттик аттестацияга сапаттуу даярдык көрүүнү камсыздоо максатында кезектеги консультация өткөрүлдү.

Консультациянын негизги максаты студенттерди мамлекеттик аттестациянын өткөрүлүү тартиби, талаптары жана баалоо критерийлери менен кеңири тааныштыруу, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө кафедранын окутуучулары тарабынан мамлекеттик аттестациянын программасы кеңири түшүндүрүлүп, экзамендик суроолордун мазмуну, негизги темалар жана аларга даярдануунун натыйжалуу жолдору боюнча усулдук сунуштар берилди.

Мындан тышкары, студенттерге теориялык билимдерди системалаштыруу, ветеринардык медицина тармагындагы негизги түшүнүктөрдү жана практикалык көндүмдөрдү бекемдөө боюнча сунуштар айтылды. Аттестация учурунда көңүл бурулуучу маанилүү маселелер, жооп берүү маданияты жана экзамендик суроолорду талдоо ыкмалары боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Консультация интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, аларга окутуучулар тарабынан толук жана мазмундуу жооптор сунушталды. Бул өз кезегинде студенттердин мамлекеттик аттестацияга болгон ишенимин арттырып, даярдык деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түздү.

Белгилей кетүүчү жагдай, Вс-1-20 тайпасынын студенттери консультацияга толук курамы менен катышып, жогорку активдүүлүктү көрсөтүштү. Алар талкууларга жигердүү аралашып, аттестацияга даярдануу боюнча баалуу маалыматтарды алышты. Мындай консультациялар бүтүрүүчүлөрдүн билим сапатын жогорулатууга жана мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өтүүсүнө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.